УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды

Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

   Маалыматта, УКМКнын Талас облусу боюнча башкармалыгы тарабынан курал-жарактарды, ок-дарыларды жана жардыргыч заттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүүгө багытталган ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө, алдын ала жүргүзүлгөн текшерүүнүн иштеринин алкагында ок атуучу куралдар жана жардыргыч заттар сакталган жашыруун жай табылды.
   Ошондой эле, 2023-жылдын 2-февралында, КР УКМКнын чек ара кызматынын Талас облусу боюнча башкармалыгынын саперлору менен биргеликте жүргүзүлгөн иш-чаранын натыйжасында, Кара-Буура районунун Казакстан Республикасы менен чектешкен тоолуу аймагынан жашыруун жай табылып, андан (РГД-5) жарылуучу зат жана номерлери өчүрүлгөн 12-калибрдеги жылмакай мылтык табылып алынганы айтылат.

    Учурда бул фактыга тиешеси бар адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.
fddd5b06 0f6a 42c0 bd8c 636b8e2a82bd УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды
58e4c65b 6a41 4074 8164 fce01e6b44a6 УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды
98fe7f4e 45ae 4438 ab56 98c5ba67caed УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды
2cffa968 e7dc 4c1b bed7 2afe2cc292df УКМК: Курал-жарактардын жана жардыруучу заттардын жашырылган жери табылды