
Гүлшайыр Садыбакасова Рысбай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директорлук кызматынан бошотулду. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Садыбакасова бул кызматты 2000-жылдан бери аркалап келген.
Буга байланыштуу аталган министрлик Рыспай Абдыкадыров атындагы Ош облустук филармониясынын директору бош кызмат орунуна документтерди кабыл алууну жарыялады.