Бишкекте криптовалютаны көмүскө жүгүртүү күнүнө 10 млн долларга жетет

Бишкек шаарында криптовалютаны көмүскө жүгүртүү күн сайын 5 миллиондон 10 миллионго чейин АКШ долларын түзөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров “Атакент” Казакстан бизнес-кызматташтык борбору” акционердик коомунун аянтында өткөрүлгөн “Digital Almaty 2023: жаңы реалдуулукта санариптик өнөктөштүк” санариптик форумунун пленардык жыйынында билдирди.

Анын айтымында, криптовалюталардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири ар кандай факторлорго, анын ичинде өлкөнүн жөнгө салууга болгон мамилесине жана жарандар менен ишканалардын криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлине жараша болот.

“Банк секторуна киргизилген чектөөлөр (Visa жана MasterCard системалары аркылуу акча которуулар) биздин аймакта криптовалютанын өнүгүшүнө олуттуу түрткү бергени жашыруун эмес. Эксперттердин айтымында, Бишкек шаарында эле көмүскө жүгүртүүнүн көлөмү күн сайын 5 миллиондон 10 миллионго чейинки АКШ долларын түзөт.

Мен криптовалюта өлкөнүн экономикалык өнүгүүсүнө оң жана терс таасирин тийгизиши мүмкүн деп эсептейм. Криптовалюталардын өлкөнүн экономикасына тийгизген таасири ар кандай факторлорго, анын ичинде өлкөнүн жөнгө салууга болгон мамилесине жана жарандар менен ишканалардын криптовалюталарды кабыл алуу деңгээлине жараша болот. Бул технологиялардын потенциалы таасирдүү, бирок бир катар себептерден улам аларга этияттык менен мамиле кылуу керек. Жасалма интеллектке негизделген ар кандай жаңы технология рынокко кирээрден мурда жөнгө салуу маселелери чечилиши керек”, — деп белгиледи Акылбек Жапаров.