Камила Талиева: Балдарын карабаган «күкүк» күйөөлөр Кыргызстанда көбөйдү

Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне мыйзамдык зомбулукка дагы кабылбаш керек. Мындай пикирин депутат Камила Талиева бүгүн, 2-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Ал Кадамжайдагы эки жашар кызын сабаган деген шек менен кармалган келиндин маселесин көтөрдү.

«Мен бүгүн үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган аялдар маселеси жөнүндө сөз кылгым келип жатат. Күз айында Кадамжай районунда үрөй учуруп, атасы менен баласын атып кеткен окуя катталган. Бул коомчулукта чоң резонанс жараткан. Мына ошол үй-бүлөнүн кызынын башына бүгүнкү күндө оор сыноо келип отурат. Аял киши үй-бүлөлүк зомбулуккка кабылганы аз келгенсип, психологиялык жардамга муктаж болуп турат.

Атасынан, бир тууганынан ажырап, жарандык күйөөсү тарабынан басым көрүп турган учурда жолдошу «баламды урду» деп сотко берип, келин бир айга камалды. Мындай балдарын карабаган «күкүк» күйөөлөр Кыргызстанда көбөйдү.

Ошол «күкүк» күйөөнүн укугун биринчи орунга коюп, тергөөчүнүн суранычы менен аялды камап, балдарынан ажыратып койду. Үй-бүлөлүк зомбулукка кабылган эне мыйзамдык зомбулукка кабылбаш керек», – деди деутат.

Эске салсак, 27-январда келиндин күйөөсү милицияга арыз жазып, аялы кызын уруп, зомбулук көргөзүп келгенин билдирген. Ал Марказ айылынын тургуну менен 2020-жылдын март айынан бери жарандык никеде жашап жүрүп, 2021-жылы кыздуу болушканын жана чогуу жашабай калышканын айткан. Келин өзүнүн кызын уруп, телефонуна тартып, жолдошуна WhatsApp аркылуу жиберген.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 138-беренесинин 2-бөлүмүнүн 2-пункту “Баланы же алсыз абалдагы же күнөөлүүдөн материалдык же башкадан көз каранды болгон адамды уруп сабоо” менен кылмыш иши козголгон.

Келиндин үч баласы Кадамжай районунун Совет айылындагы “Кут кадам” үйүнө жайгаштырылган.