
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 1-февралда Өзгөчө кырдаалдар министрлигине, Саламаттыкты сактоо министрлигине жана Бишкек шаардык мэриясына жаңы адистештирилген техникаларды тапшыруу салтанатына катышты.

Өлкө башчы Бишкек шаарына алынган газ менен жүрүүчү автобустардын сапатын текшерип, борбор калаага Кытайдан 120 автобус сатып алынганын жана жакынкы 2 жылда кошумча 1,5 миң автобус алынып, ошону менен шаардын керектөөсүн толук камсыздай турганын белгиледи.


default