Баткендеги үй куруучуларга айлык акы төлөнбөй жатат

Бүгүн, 1-февралда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Тазабек Икрамов Баткен облусунда үй куруу менен алектенген айрым ишканалар курулушчулардын эмгек акысын төлөбөй жатканын билдирди.

«Жалпысынан Баткен шаарында үйлөрдүн курулушу жүрүп жатат. Ал эми «Доор курулуш», «Тынчтык» сыяктуу ишканалар куруучуларга эмгек акы төлөбөй келет. Алар курулушту да создуктуруп жатышат. Министрлер кабинетинен ушуну эске алуусун суранам», — деди эл өкүлү.

Икрамов ошондой эле Баткен облусунда «Газпромдун» спорт залы курула электигине нааразы болду.