Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү

Нарын облусунун Ат-Башы районуна караштуу Баш-Кайыңды айылында тургун Сулайман Үмөтакунов жаш өспүрүмдөр арасында райондор аралык куран жарышын өткөрдү. Бул тууралуу Муфтияттан билдирди.

Маалыматка караганда, айыл тургуну Сулайман Үмөтакунов жана жакындары өткөн жылы дүйнө салган Жусуп Солтонкулов жана Арун Солтонкулов аттуу агаларынын жаркын элесине арнап Куран жарышын уюштурган. Алар аш берүүнүн ордуна куран жарышын өткөрүп, окулган курандардан пайда болгон соопторду маркумдарга багыштоону туура көрүшкөн.

Жарышта Ат-Башы районуна караштуу айылдардын имамдарынан куран сабагын алып жүргөн окуучулар күч сынашты. Жыйынтык катышуучулардын куранды так жана туура окугандыгы эске алуу менен чыгарылды. Алдыңкы орундарды багындырган жана жалпы катышкан өспүрүмдөргө уюштуруучулар тарабынан акчалай сыйлыктар тапшырылды.

Белгилей кетсек, аталган жарышка облус казысы Эрик Молдокулов, казынын орун басары Кумарбек Орозалиев, Ат-Башы районунун баш имам-хатиби Абдулла Тахиров жана Нарын шаарындагы «Юсуф Сыдык» атындагы балдар медресесинин устаздар жамааты катышып, куран конкурсуна калыстык кылышты.

328045619 1364603931057266 7244792838908209586 n Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү
Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү
1024x721x328045619 1364603931057266 7244792838908209586 n 1.jpg.pagespeed.ic.pwujTSMSab Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү
Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү
328439627 498800842449288 8049764425973127864 n Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү
Ат-Башынын тургуну Сулайман Үмөтакунов аш берүүнүн ордуна куран жарыш өткөрдү