Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран жана 35 баш майда малды, жылкыны мыйзамсыз ташыган адам кармалды

Кыргыз-өзбек чек арасында аткезчилик менен алектенген жаран кармалды. Бул тууралуу Кыргызстандын Чек ара кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 30-январда «Бүргөндү» чек ара заставасында Өзбекстандын Чоң-Гара анклавынан чыгып келе жаткан Кыргызстандын 1984-жылы туулган Э.Б. аттуу жараны башкарып бара жаткан «ВОЛВО» үлгүсүндөгү жүк ташуучу унаа токтотулган.

msg 1609260843 561 Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран жана 35 баш майда малды, жылкыны мыйзамсыз ташыган адам кармалды

Текшерүү учурунда чек ара кызматкерлери тиешелүү документтери жок жүк – 13 тонна насвай табылган. Алдын ала маалымат боюнча, айдоочу жүктү андан ары сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына алып өтүүгө аракет кылган.

Мындан тышкары, Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан 29-январда кыргыз-тажик тилкесинде Лейлек районунун лагеринин аймагында Лейлек чек ара отрядынын чек арачылары тарабынан Тажикстандан Кыргызстанга 35 баш майда малды жана 1 жылкыны мыйзамсыз айдап келүүгө аракет кылган 1993-жылы туулган КР жараны аныкталган.

msg 1609260843 562 Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран жана 35 баш майда малды, жылкыны мыйзамсыз ташыган адам кармалды

Эки учурда тең тиешелүү документтер толтурулгандан кийин кармалган жарандар, майда мүйүздүү мал, жылкы жана контрабандалык жүктөр кошумча иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн компетенттүү органдардын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.

msg 1609260843 563 Өзбекстандан 13 тонна насвай ташып келаткан жаран жана 35 баш майда малды, жылкыны мыйзамсыз ташыган адам кармалды