Кыргызстан менен Түркиянын шаарлары кызматташат

Кыргызстандын Түркиядагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Руслан Казакбаев 2023-жылдын 26-январында Анкара шаарындагы Чубук муниципалитетинин башчысы Баки Демирбаш менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, эки өлкөнүн соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыгын кеңейтүү максатында тараптар Чубук менен Кыргызстандын шаарларынын биринин ортосунда боордоштук мамилелерди орнотууга макулдашышты.

Кыргызстандын дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы боордош шаарлар ортосундагы өнөктөштүктүн алкагында айрыкча мектептерди, бала бакчаларды, ооруканаларды, ошондой эле орто жана кичи бизнести өнүктүрүү максатында өнөр жай ишканаларын куруу боюнча биргелешкен социалдык долбоорлорду ишке ашыруунун маанилүүлүгүнө көңүл бурду.

Мындан тышкары, элчи Казакбаев мэр Демирбаштын түрк дүйнөсүнүн көрүнүктүү өкүлдөрүн Түркияда таанытууга салымын белгиледи. Ошондой эле Чубукта ачылган Курманжан Датка атындагы сейил бак үчүн жана Чубукта жашаган этникалык кыргыздарга дайыма көңүл буруп, камкордук көрүп жатканына ыраазычылыгын билдирди.

kazakpaev 1024x630 1 Кыргызстан менен Түркиянын шаарлары кызматташат