Ноокатта тамактануучу жайда жаш баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүүдө

Оштогу тамактануучу жайда жети жаштагы баланы урган учур боюнча териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 27-январда социалдык тармактарда Ош облусунун Ноокат районунун аймагында жаш баланы белгисиз жаран уруп жаткандыгы боюнча видео тараган.

Бул факт боюнча Ноокат райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан кечиктирилгис чара көрүлүп, окуя кайсы жерде болгондугу жана жаш баланы уруп жаткан ким экендиги такталган.

«2023-жылдын 26-январь күнү саат 19:20 чамасында Ноокат районунун А.Мирмахмудов айыл аймагындагы Умиров участкасынын тургуну 7 жаштагы М.А.ны Ноокат шаарынын борбордук базарында жайгашкан “Элдос” кафесинин ичинде Ноокат районунун Кеңеш айыл аймагынын 30 жаштагы О. уулу Т. тургуну уруп, денесине жараат келтирген», — деп айтылат маалыматта.

Жаш өспүрүмгө карата соттук- медициналык экспертиза дайындалып, текшерүү иштери жүргүзүлүүдө.