Бишкек – Баткен – Бишкек аба каттамы жанданат

Кыргызстанда 7-февралдан тарта Бишкек – Баткен – Бишкек багытындагы ички аба каттам жанданат. Бул тууралуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинен билдиришти.

Аба каттамдарын жанданттуу маселеси Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин жетекчилиги менен Tez Jet авиакомпаниясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунун жүрүшүндө талкууланды.

Толугураак маалыматты “Тез Жет” компаниясынан 996 312 91 08 80 телефон аркылуу алууга болот.