Зомбулукка кабылган балдар каякка кайрылса болот? Байланыш телефондор

Зомбулукка жана ырайымсыз мамилеге кабылган балдарга жардам берүү борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу мэриядан билдиришти.

«Борбор зордук-зомбулуктан жабыр тарткандардын балдарын коргоону жана жардам сурап кайрылгандарга юридикалык колдоо көрсөтүүгө даяр. Борбордун тажрыйбалуу кызматкерлери ар убак психологиялык жана социалдык колдоо көрсөткөнгө даяр. Эгерде сиз же сиздинжакындарыныз жардамга муктаж болсо, акысыз консультация алуу үчүн биздин борборго 0312 442510 номерине же 111 телефону аркылуу чалыңыз. Борбордун эшиги ар дайым ачык жана турмуштун оор кырдаалына кабылган ар бир балага жардам жана колдоо көрсөтүүгө даяр«,- деп айтылат маалыматта.