Кыргызстанда бензин арзандайт

Кыргызстанда бензин арзандашы мүмкүн. Бул тууралуу Монополияга каршы мамлекеттик комитеттен билдирди.

«2023-жылдын январынан тарта бензинге дүң баанын төмөндөө тенденциясы байкалды, бул чекене баанын деңгээлине таасир этиши керек. Кийинки айда рыноктун негизги оюнчулары бааны 5-6 сомго чейин төмөндөтөрү күтүлүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Мекеме бааны турукташтырууга жана негизсиз көтөрүлүшүнө жол бербөө боюнча бардык чаралар көрүлүп жаткандыгын кошумчалаган.