АРИС Баткендеги курулуштар боюнча үн катты

АРИС Баткен облусунда объекттердин курулушуна бааларды кымбат баалоо жөнүндө жайылтылып жаткан маалыматка карата  маалымат таратты.

Кыргыз Республикасынын Коомчулукту өнүктүрүү жана инвестициялоо агентствосу (АРИС)  Баткен облусунун жабыркаган объекттерин калыбына келтирүү жана куруу боюнча жарыяланган маалымат боюнча маалымдайт.

Кыргыз-тажик чек арасында 2022-жылдын 14-17-сентябрында болуп өткөн куралдуу жаңжалдан кийин Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги 2022-жылдын 6-октябрында Дүйнөлүк банкка Региондук экономикалык өнүктүрүү (ПРЭР-2) долбоорунун “Күтүлбөгөн өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү (CERC)” 4-компонентин активдештирүү жөнүндө суроо-талап жөнөткөн.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 19-октябрындагы №561-б буйругуна ылайык, Баткен облусунун чек ара аймактарындагы чыр-чатак учурунда жабыркаган социалдык объекттердин тизмеси бекитилген. Мындан тышкары ПРЭР-2 Байкоочу кеңеши өз чечими менен чыр-чатак учурунда жабыр тарткан социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, ФАПтар) калыбына келтирүүгө 10 млн. АКШ долларын кайра бөлүштүрүүнү жактырган. Дүйнөлүк банктын 4-компонентти (CERC)  ишке киргизүүгө расмий макулдугу 2022-жылдын 14-ноябрында алынган.

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 6-августундагы  №114  “Кыргыз Республикасында кыймылсыз мүлк объекттерин долбоорлоого, курууга жана башка өзгөртүүгө документтерди берүү жана эксплуатацияга киргизилип жаткан курулуп бүткөн объекттердин шайкештигин баалоо тартиби жөнүндө жобону бекитүү тууралуу” токтомуна ылайык, Кыргыз Республикасынын долбоорлоо институттары тарабынан Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине  КР КЧ 31-04:2018  ылайык долбоордук-сметалык документтер (ДСД) иштелип чыккан.

Белгилей кетсек, жаңы курулушка ДСД 10 социалдык объект үчүн иштелип чыккан. Ошол эле учурда, 10 социалдык объекттин 5и КР Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги тарабынан иштелип чыккан жана жогоруда аталган Долбоордун алкагында андан ары ишке ашырууга бардык тийиштүү документтери, анын ичинде оң мамлекеттик экспертизасы менен АРИСке берилген.

Ошондой эле АРИС аталган Долбоорду ишке ашыруучу агентство катары,  Кыргыз Республикасынын долбоорлоо институттары тарабынан иштелип чыккан жана берилген: долбоордук-сметалык документтерди (ДСД) жана 5 социалдык объекттин тиешелүү сметаларын – ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга – Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигине (Мамкурулушка) мамлекеттик экспертизадан өткөрүүгө берген.  

Мында сметалык документтер Кыргыз Республикасынын курулуш ченемдерине ылайыктуулугун текшерүүдөн өткөндөн кийин Мамкурулушка караштуу Мамлекеттик экспертиза департаменти тарабынан бекитилет.

5 объекттин долбоордук-сметалык документтерине жүргүзүлгөн мамэкспертизанын жыйынтыгы боюнча жогоруда аталган Жобонун негизинде оң корутунду алынган, б.а. АРИС тарабынан иштелип чыккан жана берилген долбоордук-сметалык документтер Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш ченемдерине жана эрежелерине толук шайкеш келет.

Баткен окуяларына байланыштуу бузулган социалдык объектилерди (мектептер, бала бакчалар, ФАПтар) тез арада калыбына келтирүү зарылчылыгынан улам долбоордук инстутуттар Мамкурулуштун мурда иштелип чыккан типтүү долбоорлорун пайдалангандыгын кошумчалайбыз.

Баткен облусунун айрым социалдык объектилерине ДСДны жогорулатуу жөнүндө жайылтылып жаткан маалымат – туура эмес экендигине көңүл бурабыз.

Азыркы учурда тендердик процесс гана жүрүп жатат (сунуштарды баалоо) – бул келишимдерге кол коюла элек, курулуш иштери баштала элек жана тийиштүү түрдө каржылоо жүргүзүлгөн эмес дегенди билдирет.

АРИС 2023-жылдын 20-январында курулуш бааларын жогорулаткандыгы жөнүндө маалымат таратылгандан кийин мамлекеттик экспертизанын оң корутундусун алган объекттер боюнча документтерди, бардык долбоордук-сметалык документтердин ченемдерге шайкештигин текшерүү үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга (Мамкурулуш) кайра жөнөттү.

АРИС эл аралык финансы институттарынын тармагы боюнча тартылган финансылык каражаттарды максаттуу пайдалануу боюнча натыйжалуу жана ачык-айкын ишмердүүлүккө жетишүү максатында КР Министрлер Кабинетинин патронажы астында жүзөгө ашырылып жаткан долбоорлордун ишке ашырылышы жөнүндө калкты маалымдоо боюнча ишин туруктуу негизде алып барат.