“Баасы 60 сомду чапчыды”: Казакстан пияз экспортун үч айга токтотту

Казакстан өлкө ичиндеги бааларды турукташтыруу үчүн пияз экспортун үч айга токтотту.

“Үчүнчү өлкөлөрдө казак пиязына болгон суроо-талаптын өсүшү Пакистандагы жаратылыш кырсыктарына байланыштуу. Бул өлкө Азиядагы жана дүйнөдөгү ири пияз өндүрүүчү болуп эсептелет. Андагы суу ташкындарынан улам пияздын дүйнөлүк, анын ичинде биздин өлкөдөгү баасы да кыйла жогорулады”, – деп жазылган Казакстандын Айыл чарба министрлигинин билдирүүсүндө.

Мекеменин маалыматына караганда, пияз баасынын жогорулашына Казакстандын түштүк аймактары менен Өзбекстандагы суук аба ырайы да себеп болгон. Бул аймактардагы пияздын көп түшүмү жарабай калып, негизги өндүрүүчүлөр казак пиязын импорттоого өткөн.

Улуттук статистика бюросунун маалыматына ылайык, 2022-жылы Казакстанда пияздын түшүмү 1,1 миллион тоннаны түзгөн. Ошол эле маалда казакстандыктар жылына бул көлөмдөн үч эсе аз, орточо алганда 315 миң тонна пияз керектейт.

Акимчиликтерден билдиришкендей, бүгүнкү күндө пияздын өлкөдөгү ырасталган запасы 152,4 миң тоннаны же өткөн жылдагы түшүмдүн 14% түзөт. Бул көлөм жаңы түшүмдү жыйноо мезгилине чейин жетиштүү.

Ал эми, Кыргызстанда болсо акыркы күндөрү пиязга болгон баа 60 сомго чейин жогорулады. Ансыз да азык-түлүктүн бардыгы кымбаттап жаткан учурда, бул кырдаал карапайым эл арасында нааразычылыкты жаратпай койбойт.