«Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери үчүн жаңы форма тигилди

«Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери үчүн атайын жаңы форма киргизилди. Бул туурасында мекеменин маалымат кызматы билдирди.

“Поезд жүргүнчүлөрүн коштоп жүргөн адистер темир жолдун жүзү болуп эсептелет, алардын сырткы көрүнүшүнөн темир жолдун аброю көп жагынан көз каранды. Ошондуктан, ишкана кыймылдуу курамды толуктоого гана эмес, кызматкерлердин формасын жакшыртуунун үстүндө иш алып барат.

Буга байланыштуу компания кышкы, жайкы жана сезондук комплекттерди камтыган формалардын жаңы дизайнын киргизүүдө.

Узатуучунун формасы кооз жана стилдүү гана эмес, ыңгайлуу да келет. Биздин жаңы формалардын сүрөттөрүн карап көрүңүз,”- деп жазылат билдирүүдө.

FB IMG 1674234454968 683x1024 1 «Кыргыз темир жолунун» кызматкерлери үчүн жаңы форма тигилди