Кышкы олимпиадага кийилүүчү форма сынга кабылды

Лыжа федерациясы социалдык тармактардагы баракчасына Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу формасынын сүрөтүн жарыялады.

f8832fd0 7e7d 467b 9e99 08e8b0bdc3e5 1 Кышкы олимпиадага кийилүүчү форма сынга кабылды

Жалпысынан олимпиадага кийилүүчү 14 кийимдин түрү болот: Олимпиаданын ачылыш жана жабылыш аземдерине кие турган форма, машыгуу үчүн костюм, кыска жана узун куртка, пальто, футболка, кышкы бут кийим, кроссовка, рюкзак, кол кап, баш кийим жана байпак.

26293914 b70f 4b43 a207 9bdb3d9882eb Кышкы олимпиадага кийилүүчү форма сынга кабылды

Белгилей кетсек, форма Улуттук олимпиада комитетинин өнөктөшү – кытайлык Tectop компаниясы тарабынан бекер берилген. Улуттук олимпиада комитети жана Tectop 2018-жылдан бери кызматташып келет жана Пекин кышкы Олимпиадасынын комплекти 2021-жылдын жайында буйрутма берилген.

Алдыдагы мелдештерге Кыргызстандын атынан бир спортчу – лыжачы Максим Гордеев катышат.

98af29a2 0b27 412d 944d 442beec9e3e2 Кышкы олимпиадага кийилүүчү форма сынга кабылды

Буга чейин соцтармакта Лыжа федерациясынын Кышкы Олимпиада оюндарына катышуу формасынын сүрөтүн жарыяланып, коомчулуктун сынына кабылды