Оштун экс-прокурору “Кыргызалтынга” жетекчи болду

“Кыргызалтын” ачык акционердик коомунун башкармалыгынын жетекчиси алмашты. Маалыматка ылайык, жаңы жетекчи болуп Кубат Абдраимов дайындалды.

Абдраимов кесиби боюнча юрист, буга чейин Ош шаарынын прокурору болуп иштеген.

Буга чейин “Кыргызалтындын” жетекчиси Элдияр Калдарбеков кызматтан кетүү тууралуу арыз жазганы маалымдаган болчу. 33 жаштагы Калдарбеков бул кызматка 2022-жылдын 2-сентябрында дайындалган.