Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады

  
Бул тууралуу Вulak.kg басылмасына Жалал-Абад ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

2023-жылдын 16-январь күнү саат 01.50 чамада Ала-Бука РИИБдин нөөмөт бөлүмүнүн 102 номерине Ала-Бука райондук ооруканасынан чалышып, ошол эле райондун 1995-жылы туулган А.Ш. аттуу тургуну денесине учтуу нерсе менен сайылган жараатынан улам каза болуп калгандыгын кабарлаган. 

Бул маалымат Ала-Бука РИИБдин КБРне катталып, Кыргыз Республикасынын Кылмыш жаза Кодексинин 122-беренесинин (Адам өлтүрүү) жана 280-берененин (Бейбаштык) негизинде кылмыш иши козголуп, жансыз денеге карата соттук-медициналык жана башка тиешелүү экспертизалар дайындалган.
Окуя болгон жерге Ала-Бука РИИБдин жетекчилиги жана тергөө-ыкчам тобу барышып, кароо жүргүзүлүп, тиешелүү материалдар чогултулган жана окуяга катыштыгы барларды аныктап тергөөгө камсыздоо боюнча ыкчам иштер жүргүзүлө баштаган.

Кылмыш иши боюнча окуя Ала-Бука айылындагы «Олигарх» кафесинде орун алгандыгы, анда Ала-Бука районунун 25-30 жаштардагы тургундарынын ортосунда мушташ чыккандыгы жана Самар аттуу баланын бычак шилтеп бир топ адамдарга сайып алгандыгы такталган. Натыйжада 4 (төрт) жаран денелеринен ар кандай жараттарды алышып ооруканага түшкөн жана бирөөсү (А.Ш.) алган жараатынан улам өзүнө келбей каза болуп калган.

Аталган кылмыш иши боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин натыйжасында адам өлтүрүүгө шектүү катарында Ала-Бука районунун               1997-ж.т. Ж.С. кармалып, баш коргоо чарасы 2 айлык мөөнөткө камакка алуу түрү тандалган. Ал эми бейбаштыкка шектүү катарында Ала-Бука районунун тургундары 1999-ж.т., Т.Б, 1999-ж.т. М.Э., 2000-ж.т. Ж.Д., 1994-Ж.Э., 1994-ж.т. М.Б.лар 15 күндүк мөөнөткө кармалышып, Ала-Бука РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Учурда кылмыш ишин соттун кароосуна жиберүү максатында объективдүү жана толук кандуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.

                    
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.46 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.47 1 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.48 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.47 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.48 1 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады
WhatsApp Image 2023 01 19 at 16.46.48 2 Ала-Бука милициясы адам өлтүрүүгө шектүүнү жана бейбаштыкка шектүү деп 5 жаранды кармады