Максим Бакиевдин жери кимге берилгени айтылды

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиевге таандык болгон Бишкектеги жер президенттин иш башкармалыгынын менчигине өттү. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, аталган жерлер Скрябин көчөсүндө 45 жана 45 А дареги боюнча жайгашкан. Президенттин иш башкармалыгы аталган жерлерге көп кабаттуу үй курууну пландап жатат.

285650 w h500 1674202527 r 1 Максим Бакиевдин жери кимге берилгени айтылды

«Бишкек башкы архитектура» мекемесинин депутатка берген жообунда, аталган жер тилкеде көп кабаттуу үй менен бирге башка объекттер, анын ичинде бала бакча да куруу каралганын билдирген.

IMG 20230119 WA0076 Максим Бакиевдин жери кимге берилгени айтылды