Кудрет Тайчабаров кызматынан кетти

Бишкек эркин экономикалык аймагын эки жылдан бери башкарып келе жаткан Кудрет Тайчабаров иштен кетти.

Кудрет Тайчабаровдун айтымында, ал эки жыл аталган кызматты аркалап чарчаган.

“Мен эки жылдан ашык убакыттан бери иштейм. Чарчадым. Мен эс алгым келет. Балким бизнес менен алектенем. Мен дагы ден соолугумду чыңдагым келет.  Бул аралыкта “3-даражадагы гипертония” деген диагноз менен эки жолу ооруканага жатып чыктым”, – деди ал.

Кудрет Тайчабаров белгилегендей, азырынча аны кызматтан алуу боюнча буйрук жок.

Эске салсак, Кудрет Тайчабаров 2020-жылы Садыр Жапаровдун буйругу менен Бишкек ЭЭАнын башкы директору болуп дайындалган.

Тайчабаровду эки жылдан бери президенттин эң жакын адамы делген карындашы Адинай Марипова коргоп келгени айтылып жүрчү. Фейсбукта болсо “эми Кудурет Фейсбукта илгерки көнгөн адатынча саясаттагы өйдө-төмөн божомолдорун жазып, “Вангалыгын” баштайт” – деген азил, какшыктар жазылып баштаган