Кара-Балта шаарында ачкадан каза болгон кыздын ата-энеси кызынын өлүмүнүн себептери тууралуу социалдык тармактарда тараган такталбаган маалыматка нааразы.
Бул тууралуу Жайыл районунун акими Төрөгелди Түркбаев билдирди.
Ал белгилегендей, облустук мамлекеттик администрациянын өкүлдөрү үй-бүлөнүн жашоо шарты менен таанышты.
Маркум кыздын апасы 42 жашта. Беш баласы менен Кара-Балта шаарында жашайт, улуу кызы 18 жашта, кичүүсү 2 жашта. Үй-бүлөнүн атасы Орусиянын жараны. Үй-бүлө 2000-жылга чейин Тюменде жашаган.
«Кыздын ата-энеси социалдык тармактарда баланын өлүмүнүн себептери тууралуу туура эмес маалымат таратканына нааразы. Маркумдун апасынын айтымында, кыз айына жетпей төрөлүп, ден соолугу начар болгон. Бала жана анын үй-бүлөсү сасык тумоо менен ооруп калганда медициналык мекемелерге кайрылышкан эмес. Үй-бүлөнүн жашоо шарты канааттандырарлык. Керектүү кийим-кече, тамак-ашы бар», – деди Төрөгелди Түркбаев.
Ал белгилегендей, ата-энеси 2022-жылдын 28-октябрында Россия Федерациясына иштөө үчүн кетишкен. Балдар маркумдун апасынын 18 жаштагы кызы жана 29 жаштагы бир тууганынын колунда калган. Атасы Орусиядан Кыргызстанга 2023-жылдын 15-январында, апасы 16-январда келген.
Эскерте кетсек, кечээ, 16-январда Кара-Балта шаарында алты жаштагы кыз ачкалыктан улам каза болгону айтылган. Жайыл райондук жалпы дарыгердик практика борборунун директору Айнура Имашева маркум кыздын салмагы 12 кг экенин билдирген.