Борбор калаанын бир катар райондорунда жарык өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, максималдуу жүктөмдүү сааттарда электр энергиясын колдонуу кескин көбөйгөнүнө байланыштуу аварияга каршы автоматика иштеген.
Аталган башкармалыктан оперативдүү мобилдик топтор авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн барганын белгиледи.
Шаар боюнча 33 ыкчам мобилдик топ күнү-түнү иштеп жатат.