Бишкектин бир катар райондорунда жарык өчтү

Борбор калаанын бир катар райондорунда жарык өчүрүлдү. Бул тууралуу Бишкек электр тармактар ​​ишканасынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, максималдуу жүктөмдүү сааттарда электр энергиясын колдонуу кескин көбөйгөнүнө байланыштуу аварияга каршы автоматика иштеген.

Аталган башкармалыктан оперативдүү мобилдик топтор авариялык-калыбына келтирүү иштерин жүргүзүү үчүн барганын белгиледи.

Шаар боюнча 33 ыкчам мобилдик топ күнү-түнү иштеп жатат.