Памирде вирустун жайылышы тууралуу кабар текшерилүүдө, – ТИМ

Ооганстандын Памир өрөөнүндө вирустук инфекциянын жайылышы жана этникалык кыргыздардын өлүмү тууралуу кыргызстандык маалымат каражаттарына тараган маалыматты Кыргызстандын Кабулдагы элчилиги текшерип жатат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин сайтында маалымдалат.

«Телефон байланышы жок болгондуктан жана Улуу Памирдеги этникалык кыргыздардын абалын билүү максатында аталган жерге элчиликтин ишенимдүү өкүлү жөнөтүлгөн. Ошол эле учурда Кичи Памирде абал тынч, вирустук оорулардын курч очогу аныкталган жок», — деп айтылат маалыматта.