19-25-сентябрь аралыгында, COVID-19дун жаңы 85 учуру катталган

Кыргызстанда бир жумада, 19-25-сентябрь аралыгында, COVID-19дун жаңы 85 учуру катталган. Бул тууралуу КР ССМнын Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө департаменти билдирди.

Маалыматка ылайык, 72 адам амбулатордук дарыланууда, 13 бейтап – ооруканага жаткырылган.

«2022-жылдын 38-жумасына карата тобокелдиктерди баалоо матрицасына ылайык, бардык облустар жашыл зонада турат. Акыркы жумадагы натыйжалуу репродуктивдик сан 1ден төмөн, бул оорунун азаюусун билдирет»,-деп айтылат маалыматта.

Кошумчалангандай, 2022-жылдын 8 ай 25 күн ичинде COVID-19дун 21 335 учуру катталган, анын ичинде 19 328 (90,6 %) учур лабораториялык түрдө жана 2007 учур (9,4%) клиникалык-эпидемиологиялык негизде тастыкталган.