Унаа мамлекеттик ишканасында сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

 Кыргыз Республикасынын Президентинин  «Кыргыз Республикасында жол кыймылынын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча кечиктирилгис чаралар жөнүндө» Жарлыгынын алкагында  Ички иштер министрлигинин «Унаа» мамлекеттик мекемеси ишмердүүлүгүн улантууда. 

 Жогоруда аталган Жарлыкты ишке ашыруунун жүрүшүндө «Унаа» Мамлекеттик мекемесинин Бишкек шаардык бөлүмүндө теориялык сынакты тапшырууда курсанттар тарабынан аудио-видео техниканы колдонуу боюнча мыйзамсыз иш-аракеттердин 2 фактысы аныкталды. 

  Бул факт боюнча чогултулган материалдар юридикалык баа берүү үчүн укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилет.
WhatsApp Image 2022 09 26 at 13.09.13 Унаа мамлекеттик ишканасында сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды
WhatsApp Image 2022 09 26 at 13.09.14 1 Унаа мамлекеттик ишканасында сынак тапшырууда мыйзамсыз иш-аракеттер аныкталды

ИИМдин Басма сөз кызматы