Асель Чынбаева өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштерине старт берди

КРнын Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асель Чынбаева 14-ноябрда, Саламаттык сактоо министрлигинин өкүлдөрү менен биргеликте Бишкек шаарындагы мектептердин биринде өспүрүм кыздарды адамдын папиллома вирусуна (АПВ) каршы эмдөө иштерине старт берди.

КР Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен бекитилген Кыргызстандын профилактикалык эмдөө календарына ылайык, 2022-жылдын ноябрь айына карата мектеп окуучуларын эмдөө программасынын алкагында 11 жаштагы кыздарды адамдын папиллома вирусуна каршы эмдөө иштери башталды.

Эмдөө өлкө мектептеринин медициналык пункттарында бекер жүргүзүлөт. 2022/2023-окуу жылында 11 жаштагы кыздардан тышкары 12-14 жаштагы кыздар да АПВ каршы вакцинасы менен эмделет. Вакцина 6 айлык интервал менен эки жолу жасалат (эгерде биринчи доза ноябрда берилсе, экинчи доза май айында).

Өспүрүм кыздарды пландуу эмдөө келечекте жыл сайын 600дөн ашык оорунун жана жатын моюнчасынын рагына кабылган 300гө жакын өлүмдүн алдын алат. Негизги максаттуу топко Иммунизация маселелери боюнча Улуттук техникалык эксперттик комиссия вакцинаны киргизүүнүн биринчи жылында 12-14 жаштагы кыздарды эмдөөнү сунуштайт.

Балдар укугу боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Асел Чынбаева белгилегендей, бул эмдөө кыздардын жатын моюнчасынын рагын алдын алуу үчүн маанилүү профилактикалык иш-чара болуп саналат. Иш-чаранын ийгиликтүү өтүшү үчүн уюшкан ведомстволор аралык координация жана тиешелүү мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын Саламаттык сактоо министрлигине ар кандай жардам көрсөтүүсү зарыл.