Мал базардын айынан Сокулуктун акимин кызматтан алуу сунушталат

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров өлкөнүн аймактарындагы мал базарлардын абалы боюнча видеоконференция форматында кеңешме өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө Жапаров президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн ишин сынга алып, Сокулук районундагы мал базардын абалы канааттандырарлык эмес экендигин белгиледи.

“Мен Сокулук районундагы мал базарда болдум, анда сатуучуларга да, сатып алуучуларга да жөнөкөй шарттар түзүлгөн эмес. Президентке Сокулук районунун акими Курбанбек Айтибаевди ээлеген кызматынан бошотуу, ошондой эле президенттин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Нурил Алымбаевге сөгүш жарыялоо тууралуу сунуш киргизем”, – деди Акылбек Жапаров.

Жапаров бир жыл мурда эле бардык мал базарларды иретке келтирүү тапшырмасы берилгенин эскертти.

“Жаныңарга резина өтүк алып, дем алыш күндөрү мал базарларды кыдырып чыгыңыздар. Республиканын тургундарынын жарымынан көбү мал чарбачылыгы менен алектенет. Алар үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиздер. Тийиштүү чара көрүп, жыйынтыгын элге көрсөтүңүздөр, сиздердин кандай иштеп жаткандыгыңыздарды ар бир адам көрсүн”, – деп белгиледи министрлер кабинетинин төрагасы.

Андан соң Сокулук районунун мал базарын иретке келтирүү боюнча иштердин жүрүшү көрсөтүлүп, соода жүргүзүлүүчү аянтты тегиздөө иштери жана шагыл-кум аралашмасы төшөлүп жатканы кабарланды.

“Бул иш өткөн жылы жасалышы тийиш эле. Болгону маселени көзөмөлгө алуу керек болчу. Мындай иш болбойт. Бул облустун ыйгарым укуктуу өкүлүнө акыркы эскертүү”, – дейт Акылбек Жапаров.