Абитуриенттерди окуу жайларга кабыл алуунун экинчи туру башталды

Абитуриенттерди жогорку окуу жайларга кышкы кабыл алуунун экинчи туру старт алды. Билим берүү жана илим министрлигинен кабарлашкандай, келишимдик негизде окууга кабыл алуу 9-январда башталды.

  • Абитуриенттер https://2020.edu.gov.kg/vuz сайтына катталгандан кийин ЖОЖду, багытты тандап, ЖРТнын электрондук талонун 11-январь күнү саат 14:00гө чейин тапшыра алышат.
  • Кабыл алууга сунушталган абитуриенттер 12-январда саат 9:00дөн 14-январь күнү саат 16:00гө чейин системада тандалган ЖОЖдо окууга болгон каалоосун тастыкташы керек.
  • Эгерде абитуриент окууга болгон каалоосун ырастабаса, анда бул орун кийинки турда бош болот.

Белгиленгендей, биринчи турда 371 талон катталып, жогорку окуу жайлар 355 абитуриентти кабыл алууга сунуштаган. Анын 291и окууга болгон каалоосун тастыктады.

Жалпысынан 40 университет 37 миң 567 абитуриентти кабыл алууну мерчемдеген.