Жалал-Абадда иске ууланган бир туугандар. Баланын абалы жакшыра баштады

Жалал-Абадда 8-январга караган түнү 2020-жылы туулган кыз иске ууланып чарчап калган. Анын 2019-жылы туулган агасы оор абалда ооруканага жаткырылган.

Бүгүн, 10-январга карата баланын абалы канааттандырарлык экенин облустук бириккен оорукананын башчысы Кумарбек Ботокараев билдирди.

Айтымында, бала реанимацияда, бирок абалы жакшы, тамактанып калды. Абалы жакшырганына байланыштуу суюк кычкылтекти берүү азайтылды. Жакында палатага которулат деп үмүт кылды Ботокараев.