“Family Village” компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов кармалды

“Family Village” курулуш компаниясынын директору Сухраб Жармухамедов кармалды. Бул тууралуу укук коргоо органдарынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, ал 2022-жылдын декабрь айынын аягында ички иштер министрлигинин тергөө кызматы тарабынан алдамчылыкка шектелип кармалган.

Алдын ала маалыматтар боюнча, Жармухамедов 50 миң доллар алган деп шектелүүдө.

Эске салсак, Жармухамедов Абжалиевдердин үй-бүлөсү менен шериктеш болгон.

Жармухамедовдун арызы боюнча өткөн жылдын февраль айында ЖК экс-депутаты Алиярбек Абжалиев кармалган. Кийинчерээк Абжалиев 1,2 миллион доллар зыяндын ордун толтуруп, камактан бошотулган.