Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

Кыргызстанда 1-январдан тарта фонограмма менен ырдоого тыюу салган буйрукка Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Алтынбек Максүтов өткөн жылдын 30-декабрында кол койду.

“Министрликке караштуу бардык мамлекеттик маданият жана билим берүү мекемелеринде (театр, оюн-зоок мекемелери, спорттук мекемелер, филармониялар, концерттик залдар, кинозалдар, клуб, музей, китепканалар) концерттик программаларда, маданий иш-чараларда, өздүк же ижаралык көрүнүштөргө карабастан, вокалдык аткаруучулук өнөр 2023-жылдын 1-январынан тартып жандуу үн менен аткарылсын”, – деп жазылган буйрукта.

BULAK.KG сайты фонограмма менен ырдоого тыюу салынганы туурабы жана бул буйрук келечекте той-топурларга карата да иштеши керекпи деген суроону Кыргызстандын белгилүү ырчыларына берип көрдү.

Асема ТоктобековаШарттар толук түзүлүп берилсе, ырчылар ырахат алышмак

5f6af50ea2294461419208 Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

“Өтө сонун буйрук чыгарышыптыр. Эгерде ырчыларга тиешелүү шарттарды түзүп бере турган болсо, жандуу үн менен ырдаган ырчылар ырахат алышмак. Кыргызстан биринчи жетиштүү деңгээлде өнүгүшү керек деп ойлойм. Илгери жандуу ырдашчу деп айтып калышат го, ал кезде Yamaha, кыяк менен эле ырдап коюшчу. Азыркы заманга ылайык технология да өнүгүп кеткен. Тилекке каршы, азыркы учурда көпчүлүгү үндү коңшу мамлекеттерге барып жаздырып келишет.

Ал эми той-топурларда жандуу ырдап жүрөбүз, аны эл да көрүп эле жүрөт. Акча төлөнүп жаткандан кийин жандуу үн менен ырдоо туура. Айта кетчү нерсе, биз чакырган жерге эле бара бербей, акустикасына карап, аппаратурасы ылайык келсе барып кызмат кылабыз. Техникасы начар болуп, микрофону кыйчылдап ырдай албай кыйналган учурлар көп эле кездешкен.

Бул мыйзамдын кириши менен ырдайм деген киши ырдай берет, ырдай албаганы иргелип кала берет. Адам кандай ырдаса үн жаздырганда деле ошондой эле жыйынтык чыгат. Мунун бардыгына эл өзү күбө болуп көрүп эле турат”.

Султан СадыралиевФонограмманы көптөн бери эле тыя албай келе жатышат

107081978 274220023650382 7760024304858758092 n Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

“Фонограммага тыюу салуу аракеттери көптөн бери эле көрүлүп келген. Бирок, аны иш жүзүнө ашыра алышкан эмес. Менимче фонограммасы жок концерттер коюлуп, бардык жакта тыюу салынса абдан жакшы болмок.

Той-топурларда, региондордогу маданият үйлөрүндө да бул буйрук иш жүзүнө ашса мыкты болор эле. Бирок тойлордо кандай боло турганын жеке мен айта албайм. Анткени той ээси кандай деп чечет ал өзүнүн иши да. Ошол эле учурда эл ырчылардын чыныгы үнүн угуп, эс алса жакшы болмок. Ыр дүйнөсүн негизи “харам” деп атап коюшат эмеспи, бирок, ырдаганда адал үн менен ырдап, акчасын төлөгөн эл ырахат алып кетсе дейт элем”.

Динара Акулова – Кыргызстанда искусство тармагы өнүгө элек

IMG 20220105 105403 Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

“Чыныгы таланттарды аныктап алуу жагынан карасак туура болду. Ал эми биздин искусстводо техниканын өнүгө электигин, аппаратура, микрофондордун жоктугун эске алсак бул чечим туура эмес.

Биз өмүр бою эле филармонияда оркестр, комуз менен фонограммасыз ырдап чоңойгонбуз. Азыркы талапка караганда эстрада жаатындагы жакшы ырларды алып чыгыш үчүн техника, мыкты залдар керек. Биз көнүп калган Спорт ордосу концерттик залга ылайык эмес, жалгыз филармония бар, анда да артисттер үчүн бардык талаптар аткарылган эмес.

Ал эми той-топурларга тыюу салуу туура болбой калат. Анткени кафель менен чапталган залдарга барса ырчылар кантип ырдашат? Ал жерде аппаратурасы да эптеп эле бир эки колонка, катуураак кыйкырып койсоң күйүп кетет, микрофондору да начар. Мындай имараттарда үндөр так чыкпай, сөздөр так угулбай эл өзү да жүдөп кыйналып кетет.

Бизде жада калса фонограмма менен ырдай турган учурда бардыгын тууралап коюп бере турган кесипкөй үн режиссерлору жок. Бүткүл Кыргызстан боюнча искусство тармагы өнүгө элек. Жөн эле фонограммасыз ырдап жатышат деп айта берүү да туура эмес. Ошончолук эле мыктыларды, профессионалдарды тандап алгысы келсе, филармонияга күчтүү техникаларды орнотуп, чыныгы таланттарды чет өлкөлөргө жөнөтүп турушсун.

Мамлекеттик жумуштарда иштебей, тойлордо ырдап, таланты менен үй-бүлөсүн баккандарга тиешеси болбошу керек. Анткени ким кайсы ырчыны каалап чакырып алат, ал өзүнүн гана иши, эч ким кийлигише албайт”.

Сыймык Бейшекеев – Жандуу ырдаган адам эргүү алып, эс алат

NazarNews 259121625326299147833210967266272448442 Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

“Биз бул буйрук чыга элекке чейин эле фонограммасыз ырдап келе жатабыз. Өрөөндөргө, аймактарга чыкканда да өз аппаратураларыбыз менен барып, жандуу концерт бергенге аракет кылып келебиз. Жандуу аткарууга атайын шарттар керек болгону үчүн концерттеримдин көбүн филармонияда өткөрүүгө аракет кылам. Жандуу ырдаган адам өзү эргүү алып, эс алат, элге да ырахат тартуулап, ошол чыгармада жашай алат. Бул буйруктун ишке киришин толук кандуу колдойм. Комузумду алып бир-эки сааттап жандуу концерт берген учурлар болуп келген, азыр да бар. Бул талаптын мен үчүн эч кандай коркунучу жок.

Ошол эле учурда, Маданият министрлиги мындай талаптарды коюп жаткандан кийин жогорку сапаттагы техникалар менен камсыз кылышы керек. Мисалы, мен келе жаткан март айында филармонияда концерт өткөргөнү турам. Анда техника жагынан жетишпестиктер болсо, толугу менен өзүм жабам, ага эки эсе көп каражат жумшалып калат.

Филармониядагы техника да эл аралык стандартка жооп бербейт. Ыр дүйнөсүндө жашап, берилүү менен ырдап жатсаң көрүп жаткан адам ырахат алышы керек. Мына ушул нерсе болбой калабы деген ой бар. Маселен, Спорт ордосуна капчыгың жол берсе олчойгон баадагы аппараттарды Алма-Атадан болсо да алып келсең болот. Бирок ага жараша билеттин баасын да көтөрүүгө туура келип калат, андай шартта эл кыйналып калат.

Региондордогу маданият үйлөрү ар бири өз акустикасына жараша техникаларды алып орнотуп, залды жылуулап, жакшынакай шарттарды түзүп койсо болор эле. Көрүүчүлөр күпшүйүп кийинип алып, өзүңдүн тишиң-тишине тийбей үшүп турсаң ырдагандай болбойсуң. Москва дароо курулган эмес дегендей бара-бара ордуна келсе керек.

Азыр эки кишинин бири эле ырчы болуп, таланты бары да жогу да той бизнеси менен алек болуп жүрөт. Тойлордо да оозун кыбыратып эле кете бербестен, берилген акчаны актап жандуу аткарып кетсе болот да. Аппараттарды жаңылап коюш керек деп көбү айтып калышат. Андай учурда концертти да ошол деңгээлде бериш керек болот. Ал деңгээлге жетпей туруп эле бизге баланча техника керек деп айткан да туура эмес”.

Самат Дөөлөтбаков – Филипп Киркоров менен Мустафа Сандал айрым ырларын фонограмма менен ырдады

2018 11 02 17 26 28 622696 Фонограммага тыюу салынганы туура болдубу? Ырчылардын пикири

“Менимче бул туура эле чечим болду. Бирок, аны кандай кылып көзөмөлдөшөт ошол кызык болууда. Анын үстүнө фонограмма экенин билип турган эл өзү талап кылса жакшы болмок. Же болбосо тамадалар, дижейлер, үн режиссерлору биз фонограмма кое албайбыз деп суранышса ырдоо деңгээли жогорулайт эле.

Жакында эле бизге Филипп Киркоров, Мустафа Сандал өңдүү чоң жылдыздар келип кетишти. Алар ырдаган ырларынын арасында анча-мынча фонограмма менен аткарылгандары кездешип, эл арасында нааразылык айткандары болду. Чет жактан келген ырчылардан да, биздин аткаруучулардан да бирдей талап кылынса жакшы көрүнүш деп айта алам.

Тойлордо да мындай мыйзам иштеши керек, бирок, рестораторлор тойканаларды куруп жатканда акустиканы эмес бизнес жагын карап, көп адам батырууну ойлошот. Көп жылдан бери жандуу үн менен ырдап жүргөн ырчылар бар. Бирок, региондордо аппаратура, акустика начар болгондуктан жандуу үн менен ырдоо мүмкүн эмес болуп калат. Андай учурларда айла жоктон фонограмманы коюп туруп анын үстүнө кошуп ырдоого туура келет. Ушундай мүчүлүштүктөр бара-бара оңолот деп ойлойм. Дароо эле элдин бардыгы фонограмманы алып салат дегенден да алысмын”.