Бишкекте 21 жаштагы кызды ала качкан жигиттер кармалды

Бишкекте никеге туруу максатында эки жигит кызды ала качып кетишкен. Бул тууралуу Ленин райондук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 27-декабрда милицияга 21 жаштагы кыз кайрылган. Ал арызында муз аянтчасынан үйүнө алып баратабыз деген шылтоо менен үйлөнүү максатында Абдраев көчөсүндөгү эркектердин биринин үйүнө алып барган эки бейтааныш жигитке чара көрүүнү суранган.

Аталган факты РИИБге катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 172-беренеси «Никеге туруу максатында адамды ала качуу» боюнча кылмыш иши козголгон.

Кылмышка шектүү катары 30 жаштагы эки жаран кармалып, Бишкек ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Учурда тергөө уланууда.