УКМК: Минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды

Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы кабарлады.

      2023-жылдын 1-январында КР УКМКнын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан контрабандага каршы күрөшүүнүн жүрүшүндө, УКМК чек ара кызматы менен биргеликте, түнкү убакта Баткен облусунун Баткен районунун Үч-Дөбө айылынын аймагынан, Тажикстан Республикасынын Согди облусунун Исфара районунун Хожа-Ало чек ара айылына мыйзамсыз түрдө минералдык жер семирткичтерди ташып келүү аракети токтотулду.

      Кыргыз Республикасынын 1994-ж.т. К.М.Д., жана 1994-ж.т. А.У.М. аттуу жарандары, мамлекеттик номери S 9432 S «Ауди 100» маркасындагы автомашинаны пайдаланып, Тажикстан Республикасынын аймагына контрабанда каналын түзүүгө аракет кылып, жакынкы чек ара аймагы аркылуу аз сандагы жүктөрдү ташууну көздөшкөн.

      Жүргүзүлгөн иштердин жыйынтыгы менен жогоруда көрсөтүлгөн Кыргыз Республикасынын жарандарынын мыйзамсыз иш-аракеттери документтештирилди. Автоунаа жана 7 кап селитра көлөмүндөгү жүк токтотулуп, жоопту сактоочу жайга коюлган.
      Бул факты боюнча ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүүдө.


WhatsApp Image 2023 01 03 at 15.18.32 1 УКМК: Минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды
WhatsApp Image 2023 01 03 at 15.18.33 УКМК: Минералдык жер семирткичтерди аткезчилик жол менен ташыгандар кармалды