Түркия. Туристтер үчүн жаңы салык күчүнө кирди

Түркияда салык төлөөнүн жаңы түрү 2023-жылдын 1-январынан тарта күчүнө кирди. Эми өлкөдөгү бардык туристтик компаниялар туристтердин келүүсү үчүн түшкөн акчанын 2% мамлекетке которуусу керек. Мындан тышкары салыкты туристтик агенттиктердин турларына киргизсе болот, деп жазат өкмөттүк “T.C. Resmî Gazeteне” басылмасы жазып чыкты.

Документтен жатаканаларда, пансионаттарда жана лагерлерде жашаган студенттер салыктан бошотулат. Мындан тышкары Түркияда аккредиттелген дипломатиялык өкүлчүлүктөр жана өкүлдөрү дипломатиялык статуска ээ болгон эл аралык уюмдардын өкүлдөрү салык төлөшпөйт.

Жаңы салык туристтерге түздөн-түз таасирин тийгизбегени менен – аны мейманкана ээлери төлөйт, түрк мейманканаларында эс алуу баасы кымбаттайт. Мейманканачылар салыкты тигил же бул жол менен жатакананын баасына киргизет. Бирок, туроператорлордун 2023-жылдын жай айына түзүлгөн келишимдерине ылайык, эч кандай өзгөрүү болбошу ыктымал.

Туроператорлор 2023-жылы Түркияда эс алуу баасынын болжолдонгон өсүшүнө салыктын салымы анча чоң эмес экенин айтышууда. Эксперттер буга чейин түрк мейманкана ээлери баалар быйылкы жылга салыштырмалуу 50%га чейин жогорулай турганын эскерткенин эске салышат.