Садыр Жапаров тил жана мамлекеттик сыйлыктар боюнча маек берди

Президент Садыр Жапаров «Кабар» маалымат агенттигине курган кезектеги маегинде өлкөдөгү тил маселеси, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга тапшырылган мамлекеттик сыйлыктарга байланыштуу суроолорго жооп берди.

— Саламатсызбы урматтуу Садыр Нургожоевич!

— Саламатчылык.

— Кечээ Министрлер Кабинетинин жыйынтыктоочу жыйынында кээ бир мамлекеттик органдарда иш кагаздар кыргыз тилинде жүрбөй жатканын баса белгилеп сынга алдыңыз. Муну айрымдар мамлекеттик органдарда документ жүргүзүүдө орус тили колдонулбайт деп башкача чечмелеп киришти. Ушул маселени ачыктап кетсеңиз.

БУУда колдонулган тилдердин бири.

Мындан сырткары, мектептерде англис тилин дагы мыктылап окутканга аракет көрүп жатабыз. Бирок каражат жагынан маселе жаралчудай. Себеби 3 миңге жакын мектептерге англис тилинен берген дасыккан мугалимдерди алышыбыз керек. Аларга эмгек акы төлөп беришибиз керек дегендей. Бул маселени күнгөй-тескейин караштырып жатабыз.

Кыскасын айтканда, «жумурткадан кыр издегендей» менин сөзүмдөн дагы саясат издештин кереги жок. Тескерисинче, окуучуларыбыз бир эле орус тилин эмес, бир нече башка тилдерди дагы жакшы өздөштүрүп кетсе кандай сонун болот эле. Канчалык көп тил билсе, дүйнөнү ошончолук эркин кыдырышат, билим алышат. Жаштардын дүйнө таанымы кеңейет дегендей.

— Сиз мурда фейсбуктагы баракчаңызга: «Бийлик качаарда сыйлыктарды берип баштачу эле»,- деп жазганыңыз эсибизде. Бул ирет дагы көптөгөн жарандарыбыз мамлекеттик сыйлыктарды алышты. Буга кандай комментарий бересиз?

— Ооба, 2015-жылдары жазсам керек эле. Ал кезде сыйлыктар татыктуу адамдарга берилбей эле, “дежурларга” көп берилген убак болчу. Ким бийликти мактап-жактап, коргоп турса, ошолорго же бийликтин жакындарына берилчү. Ошону айткам.

Татыктуу адамдар тааныш-билиш менен алышчу же сатып алышчу. Бул акчаны өмүр бою эмгек акыга иштеген, башка бизнеси жок карапайым мугалим, карапайым дарыгерлер кайдан тапмак эле.

Эми мындан ары мамлекетке эмгеги сиңгендер гана алат. Администрациядан кимде-ким мурдагыдай коррупциялык жол менен сатып же тааныш-билиштик кылып бере баштаган болсо, анын орду түрмө болот.

— Чоң рахмат Садыр Нургожоевич. Иштериңизге ийгилик!

— Чоң рахмат, сиздерге да ийгилик каалайм.

Маектешкен Медербек Шерметалиев