Мас айдоочуну күбөлүктөн ажыратуу мыйзам долбоору кабыл алынды

Кыргызстанда мас болуп алып машина айдагандарды айдоочулук күбөлүктөн убактылуу ажыратууну караган мыйзам долбоору 29-декабрда Жогорку Кеңеште үчүнчү окууда каралып, кабыл алынды.

Депутаттарга маалымат берген ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев:

“Буга чейин мас айдоочулардын айыппулу 17 миң 500 сомго чейин көтөрүлгөн. Бирок ошого карабастан кайра эле ичип алып машина айдап жатышат. Ошондуктан, кескин азайбай жатканынан айдоочу укугунан бир жылга ажыратуу боюнча ушул мыйзам долбоорун алып келип жатабыз”, — деди.