Ысык-Көл областынын Ананьево айылында 62 кг ашык марихуана баңгизаты аныкталып алынды

Бул туурасында ИИМ кабарлайт.

Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматы тарабынан Ысык-Көл облусунан Бишкек шаарына баңги каражаттарын жеткирүү жана сатуу каналын түзгөн адамдарга карата атайын ыкчам-тергөө аракеттери биргелешип жүргүзүлүп, 2022-жылдын 10-декабрында, болжол Ысык-Көл областынын Ананьево айылында жашаган үйлөрдүн биринде тергөө-ыкчам иш-чараларды өткөрүү учурунда, 1964-ж.т. Э.К. үйүнүн ичин кечиктирилгис тинтүүдө бөлмөдөн кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара-жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар боз түстөгү мүшөк, ошондой эле жогоруда аталган үйдүн короосунан кызматтык-издөөчү иттердин жардамы менен жер астынан кара куурайдын өзгөчө жыты бар кара-жашыл түстөгү өсүмдүк заты бар болжол менен 500 литрлик пластик канистр табылган.

YouTube video


Кыргыз Республикасынын ИИМдин Криминалисттик кызматынын корутундусуна ылайык, алынган зат таза салмагы 62 килограмм 415 грамм болгон “марихуана” баңги каражаты болуп саналат.
Бул кылмыш ишинин алкагында Кыргыз Республикасынын ЖПКнын 96-97-беренелери негизинде, 1964-ж.т. Э.К. аттуу жаран Бишкек ШИИББнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Азыркы учурда бул кылмышка тиешеси бар адамдарды аныктоо жана кармоо боюнча иш-чаралардын комплекси жүргүзүлүүдө.

3e7e8e6d 545d 494d b006 d94d757b36d0 Ысык-Көл областынын Ананьево айылында 62 кг ашык марихуана баңгизаты аныкталып алынды

ИИМдин Басма сөз кызматы