Президент мамлекеттик сыйлыктарды тапшырат

Президент Садыр Жапаровдун катышуусунда бүгүн, 29-декабрда, өзгөчөлөнгөн кыргызстандыктарга — ар кыл тармактын өкүлдөрүнө өзгөчө эмгеги үчүн Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сыйлыктарын тапшыруу салтанаттуу аземи болот.

Президенттин басма сөз кызматынан билдиришкендей, иш-чара УТРК, республикалык, облустук телеканалдардын жана социалдык баракчалардын түз эфиринде чагылдырылат.

Иш-чараны көрсөтүү саат 10:00дө башталат.