20-ноябрдан 18-декабрга чейин Катарда футбол боюнча дүйнө чемпионаты болуп өттү. Финалдык беттешке Катар тарабынан чакырылган президент Садыр Жапаров барып келди.
Bulak.kg сайты аталган чемпионатка Кыргызстанда чоң кызматтарда отурган дагы эки чиновниктин барганын аныктады. Алар оюнду стадиондун VIP-орундуктарында Франциянын президенти Эммануэль Макрондон алыс эмес отуруп көрүштү.
Бир чемпионатта эки Садыр
Yahoosports спорттук сайты ФИФА президенти Джанни Инфантино менен Франциянын президенти Эммануэль Макрон чогуу отурган сүрөтүн жарыялаган. Макалада Макрон жарым финалдагы Франция-Марокко (2:0) беттешине барганы жазылган.
Башка сүрөттөрдө президент Макрондон жогорураак орундуктарда кыргызстандык эки чиновник отурганын аныктадык.
Алардын бири Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти Садыр Мамытов, ал эми экинчиси Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров экенин бизге бир нече өздүк булак тастыктап берди.
Франция-Марокко жарым финалдык беттеши Катардын Эль-Хаур шаарында жайгашкан заманбап стадиондордун бири Эль-Байтта өткөн. Дал ушул талаада дүйнө чемпионатынын ачылышы да өткөрүлгөн.
Биз ачык булактардан бул дүйнө чемпионатына барган жөнөкөй кыргызстандыктар менен расмий жүздөрдү издеп көрдүк.
20-ноябрь күнү чемпионаттын ачылышына Кыргызстан футбол союзунун президенти Медербек Сыдыков, Орто Азия футбол ассоциациясынын вице-президенти, КФСтин аткаруу комитетинин мүчөсү Дастан Конокбаев жана КФСтин башкы катчысы Нурдин Букуев катышкан.
18-декабрда президент Садыр Жапаров Аргентина-Франция финалдык беттешин көрдү.
Модель Эркайым Абдуллаева (УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин келини) өзүнүн Instagram баракчасына Qatar World Cup 2022 деген жазуу менен сүрөт жүктөгөн. Бирок, сүрөттө эркектин колу чагылдырылган.
Мындан тышкары, Кыргызстандан барган катардагы футбол күйөрмандары билеттерди алганы менен Катарга кире албай калышканын айтып, нааразы болушкан.
Ачык булактарда биз жогоруда айткан Кыргызстандан чемпионатка барган расмий жүздөрдөн башка эч ким жок.
VIP орундуктарга «алтын» билеттер
Катар футбол боюнча дүйнө чемпионатын кабыл алган биринчи араб мамлекети болду.
Reuters басылмасы өздүк иликтөөсүн жүргүзүп, Катардагы дүйнө чемпионатынын оюндарына мелдештин тарыхындагы эң кымбат билеттер сатылганын аныктады.
Sports.ru сайтынын маалыматында мундиалдын финалдык беттешине болгон эң жөнөкөй билеттердин баасы 6 миң долларга чейин жеткен.
Ал эми Садыр Мамытов менен Тойгонбай Абдыкаров отурган VIP-орундуктарга билеттердин баасы 22 миң доллардан башталган. Бул тууралуу The Times журналисти Мартин Циглер жазган. Анын маалыматында 22 миң долларлык билеттер эң жөнөкөй VIP-орундуктарга сатылган.
Циглердин айтымында ФИФА алдын ала Катар талааларында алкоголь сатууга тыу салганы менен VIP-орундуктагыларга шампан жана сыра сунушталган.
“Sugar daddy”
Садыр Мамытов Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин президенти болуп 2021-жылдын 10-декабрында шайланган. Ага чейин ал олимпиадалык резервдеги «Күлүк» спорттук мектебинин директору, ат спорту федерациясынын президенти, 2010-жылга чейин УОКтун вице-президенти кызматтарында иштеген.
OSOO.KG маалыматына ылайык, ал автоунааларды жана жеңил автотранспорт каражаттарын чекене саткан “Auto-Trad” ЖЧКсынын ээси.
Мындан тышкары, Мамытов Кыргызстанга шекер ташыган эң ири компания «Тамаск-Кант» ЖЧКсынын директору. Tazabek сайтынын маалыматында аталган компания өлкөдөгү эң күчтүү делинген 200 бизнестин бири.
Соцтармактарда Садыр Мамытов Жогорку Кеңештин экс-депутаты, «Кыргызалтындын» мурдагы башчысы Умбеталы Кыдыралиевдин жакын досу экени айтылып жүрөт. Маалымат каражаттары «Тамаск-Кант» ЖЧКсы экс-депутаттын бизнес империясынын бир бөлүгү экенин жазышкан.
OSOO.KG сайтынын маалыматында компанияны Садыр Мамытов менен бирге Умбеталы Кыдыралиевдин бир тууганы – Марат Кыдыралиев жетектейт.
“Токо”
Тойгонбай Абдыкаров Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын директору болуп 2021-жылдын 4-июнунда дайындалган. Ага чейин Абдыкаров бир дагы теологиялык мекемеде иштеген эмес. ЖК депутаттарынын жардамчысы, кеңешчиси катары кызмат аткарган. Ал эми Игорь Чудинов премьерлик кылып турган кезде Өкмөттүн аппаратынын алдындагы мамлекеттик имараттар департаментин жетектеп турган.
2021-жылдын 26-декабрында мамлекеттик катчы Сүйүнбек Касмамбетов Тойгонбай Абдыкаровду мактап, ««Токонун» келиши менен дин тармагындагы ызы-чуу азая түштү» деп белгилеген.
Адилет министрлигинин маалыматында Абдыкаров буга чейин дүң соода менен алектенген «Транс-Бутик» ЖЧКсынын директору болгон.
Ошондой эле, «Жалалабатэлектро» ААКтын директорлор кеңешинин мүчөсү болсо, 2013-жылга чейин КРдин бокс федерациясынын вице-президенти кызматында болгон.
Чиновниктер эмне дейт?
Биз чиновниктерге байланышып алардын Катарга болгон сапары ким тарабынан каржыланып, канча каражат кеткенин сурап билүүгө аракет кылдык.
Тойгонбай Абдыкаровдун маалымат кызматы учурда жетекчиси чет өлкөдө дарыланып жатканын айтты. Алгач маалымат кызматы Тойгонбаев Катарга эмгек өргүүсү мезгилинде өз каражатына кеткенин билдирген. Бирок, биз алардан VIP-орундуктардын баасы канча болгонун тактап берүүсүн суранганыбызда, пресс-катчы чиновник Катардын Улуттук олимпиадалык комитети тарабынан чакырылганын айтып калышты.
Кыргызстандын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы менен Катардын Улуттук олимпиадалык комитети ортосунда кандай байланыш бар экендиги тууралуу суроо ачык бойдон калууда. Анын үстүнө Катардын олимпиадалык комитетинин расмий сайтында кыргыз чиновниктери чакырылганы тууралуу маалымат жок.
Ошондой эле, Кыргызстандын Улуттук олимпиадалык комитетинин расмий сайтында президенттин Катарга барганы тууралуу маалымат жок.
Садыр Мамытов менен байланышууга мүмкүн болгон жок. Редакция аталган чиновниктердин пикирлери үчүн аянтча берүүгө даяр.
Жыйынтык: Улуттук олимпиадалык комитеттин президенти Садыр Мамытов, Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору Тойгонбай Абдыкаров Катардагы футбол боюнча дүйнө чемпионатына барып келишти. Чиновниктер оюнду VIP-орундуктарда Франциянын президенти Эммануэль Макрондон алыс эмес отуруп көрүштү.