УКМК Кара-Сууда «Кадастрдын» кызматкерин кармады

Кара-Суу районунда «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин кызматкери кармалды. Бул тууралуу УКМК билдирди.

УКМКнын Ош облусу жана Ош шаардык башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 337-беренесинин (Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу) 2-бөлүмү боюнча козголгон кылмыш ишинин алкагында «Кадастрдын» Кара-Суу районундагы филиалынын кызматкери Э.Б.ны кармады.

Аталган кызматкер 21-декабрда жасалма документтердин негизинде 0,65 гектар жер тилкесине мамлекеттик күбөлүк каттатып алган. Кылмыштуу топтун мүчөлөрү аталган жер тилкесин чет элдик инвесторлорго 350 миң долларга сатууга аракет кылышкан.

Учурда кылмыштуу топтун башка мүчөлөрү изделип жатат.

УКМК кыймылсыз мүлктү сатып алардан мурда аны кылдат изилдөөнү эскертет.