ИИМ: Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды

2022-жылдын 28-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешме өткөрүп, Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ички иштер башкармалыктарына дайындалган жаңы жетекчилерди өздүк курамга тааныштырды.

c3c290e6 c502 4200 863d ba03700e12f2 ИИМ: Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды


“Өзүңүздөр күбө болгондой, Нарын облусунун Кочкор районунда жана Жалал-Абад облусунун Сузак районунда орун алган жагымсыз окуялардан улам, айрым облустук ички иштер башкармалыктарынын жетекчилерин ротациялык түрдөгү дайындоолорду ишке ашырдык. Мекенибиз үчүн, коомчулугубуз үчүн талыкпай күн-түнү кызмат кылып, жогорку жетишкендиктерге жетүү керектигин белгилеймин.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.51.29 ИИМ: Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды


Себеби, сиздерге чоң ишеним артып, жооптуу кызматты аркалоого жана элге ак ниет кызмат өтөөгө жөнөттүк. Сиздерди дайындоонун алдында ар бириңиздер менен жекече сүйлөшүп, жарандардын коопсуздугун камсыздоону күчөтүү боюнча тапшырмаларды берип, өздүк курам арасындагы мыйзамдуулукту сактоо жана зарыл чараларды уюштуруп, жүргүзүүнү табыштадым”,- деди Улан Ниязбеков.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.51.26 ИИМ: Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды


Ички иштер министринин буйругу менен дайындалган жетекчилер өздүк курамга тааныштырылды. Алар:
• Нарын облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Канат Жумагазиев дайындалды. Мурда ал Ысык-Көл ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Абитов дайындалды. Мурда ал Ош ОИИБдин начальниги кызматын ээлеп келген;
• Ош облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Жеңиш Жоробеков дайындалды. Мурда ал ИИМдин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү боюнча кызматынын начальниги кызматын ээлеп келген;
• Ысык-Көл облустук ички иштер башкармалыгынын начальниги кызматына милициянын полковниги Орунбай Кочкоров дайындалды. Мурда ал ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары кызматын ээлеген.
“Бүгүнтөн баштап өз ишиңиздерди күчөтүлгөн тартипте жүргүзүп баштаңыздар. Анткени, жаңы жылдык иш-чаралар учурунда коомдук коопсуздукту жана жол кыймылынын коопсуздугун жогорку деңгээлде сактап, элге сервистик тейлөө көрсөтүп, кылмыштуулукка, ошондой эле ар түрдүү укук бузууларга жол берилбеши керек. Ар бириңиздерди тажрыйбалуу кызматкер жана жооптуу жетекчи катары билем.
Андыктан, сиздерге берилген аманатты аткарып, эл алдында таза жана чын дилден эмгектенип, буга чейинки орун алган кемчиликтерге жол бербестен, коомчулуктун кызыкчылыгы үчүн кызмат өтөйсүздөр деп ишенем. Эгерде сиздер элдин ишенимин актабай, өз милдетиңиздерди так аткарбай, жүктөлгөн ишмердике салкын мамиле жасай турган болсоңуздар жаза катуу болот. Мындан ары бир дагы райондо же шаарда ушуга окшогон терс кесепеттер менен коштолгон орой кемчиликтерге жол берилбесин. Көрүлгөн чаралардын жыйынтыгына өзүңүздөр күбө болуп жатасыздар.

WhatsApp Image 2022 12 28 at 08.51.25 ИИМ: Нарын, Жалал-Абад, Ош, Ысык-Көл облустарынын ИИБне жаңы жетекчилер дайындалды


Жакынкы арада бир катар шаардык, облустук, райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жана борбордук аппараттын кызматтарынын жетекчилеринин жоопкерчиликтерин карап, чечимдерди кабыл алабыз.
Ротациялоо иштерин жүргүзүп, жарандарыбыздын коопсуз турмуштук шартта жашоосуна карата ыңгайлуу жагдайларды бекемдейбиз деген пландарыбыз бар.
Анткени, катарыбызды сапаттуу, билимдүү, эл үчүн кызмат кылган, акыл-эси тунук, ишке болгон көз карашы түз кадрлар менен толуктап, аларды даярдап, өстүрүшүбүз керек.
Эл-журтка уят болуудан алыс болуп, ар бириңиздер өз милдетиңиздерди мыйзам чегинде аткарып, коомчулуктун ишенген тиреги болууга жетишиңиздер.


Буга чейинки аппараттык кеңешмелерде, коллегияларда коюлган тапшырмаларды так аткарууга, Ички иштер министрлигинен берилген тескемелерди, айрыкча Тартиптик уставдын талаптарын сактоого, өздүк курам арасында мыйзам жана тартип бузууларды болтурбоого буйрук кылам.
Бүгүнкү кеңешмеде айтылган маанилүү учурлардын алкагында, ар бириңиздер жыйынтык чыгарып, мындан ары ишке берилгендик менен мыйзамды туу тутуп иш алып барасыздар деп ишенем”,-деди сөзүн жыйынтыктап жатып ИИМдин башчысы Улан Ниязбеков.


Жаңы дайындалган жетекчилер учурдагы кырдаалга жаңы көз караш менен карап, көйгөйлөрдү жеринен көрүп, аларды чечүү жолдорун таба алышат. Кадрдык потенциал ички иштер органдарынын эң маанилүү ресурсу болуп саналат жана коомдогу негизги социалдык функцияны – мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоону чечүүгө көмөк көрсөтөт. Жаңы дайындалгандардын алдында бир топ иштер турат, ыкчам тапшырмаларды аткарууга жаңыча мамиле жасоолору керек. Ал эми негизги милдет – Кыргыз Республикасынын жарандарынын тынчтыгын жана коопсуздугун, мыйзамдуулукту жана тартипти камсыздоо.

ИИМдин Басма сөз кызматы