Нарматованын абалы айтылды

Бишкек шаардык сотунун залында кечээ, 27-декабрда эсин жоготуп кулаган Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык. Бул тууралуу Жазаларды аткаруу кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, учурда Нарматова дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал кечээги окуяга чейин ачкачылыкты токтоткон.

«Орозайым Нарматованын абалы канааттандырарлык. Дарыгерлердин көзөмөлүндө. Ал ачкачылыкты токтотту», — деп билдиришти аталган кызматтан.

Эскерте кетсек, 27-декабрда соттук отурум учурунда Орозайым Нарматова эсин жоготуп, кулап калган. Андан кийин Бишкек шаардык сотуна тез жардам кызматы чакырылган. Тез жардам кызматкерлери текшергенден кийин Нарматованы кайра №1 тергөө абагына алып кетишкен.

Нарматованын ден соолугуна байланыштуу соттук отурум токтотулуп, 28-декабрга саат 15:00го жылдырылган.