«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынан 369 катышуучу четтетилди

«Чек талап кылып, байге утуп ал!» лотереясынын шарттарын бузгандыгы үчүн 369 катышуучу лотереянын үчүнчү утушуна катышуу укугунан ажыратылды, алар топтогон ID номерлердин бардыгы жокко чыгарылат. Бул тууралуу Салык кызматы тараткан маалыматта айтылат.

Мындай чечим Ведомстволор аралык байкоочу комиссия тарабынан сканерден өткөрүлгөн кассалык чектерди текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.

Эскерте кетсек, лотереянын шарттарынын 7.2-пунктчасына ылайык, лотереянын операторунун жана уюштуруучусунун кызматкерлеринен тышкары, 18 жашка толгон керектөөчү (Кыргыз Республикасынын жараны) гана лотереянын катышуучусу боло алат.

Кыргыз Республикасынын «Керектөөчүлөрдүн укуктарын коргоо жөнүндө» Мыйзамына ылайык, тапшырык берүүгө же сатып алууга ниеттенген же болбосо пайда көрүү менен байланышпаган, жеке (тиричилик) муктаждыктары үчүн гана товарды (ишти, кызмат көрсөтүүнү) тапшырык берүүчү, сатып алуучу же пайдалануучу жаран керектөөчү болуп эсептелет.

Эгерде лотерея системасы четтетилген катышуучунун ID номурун тандаса, анда лотереянын шарттарынын 12.3-пунктчасына ылайык, катышуучу шарттардын талаптарына жооп бербеген катары байге алуу укугун жоготот.

Эске салсак, 30-декабрда “Чек талап кылып, байге утуп ал!” кызыктыруучу лотереясынын 3-утушу өтөт. Утуш УТРК жана Ала-Тоо 24 телеканалдарында жана Салык кызматынын Facebook, YouTube баракчаларында түз эфирде көрсөтүлөт.

Бизнес-өнөктөштөрдүн колдоосу менен Бишкектен бир бөлмөлүү батир, эки электромобиль, 12 даана iPhone 13, 11 Samsung смартфону, ошондой эле 26 даана ар кандай тиричилик техникасы ойнотулат.

Лотереядан четтетилгендердин тизмеси – бул жерде.