
Бишкек шаарында 1990-жылы туулган Шаршенбек уулу Улукбек изделип жатат. Бул тууралуу Бишкек ШИИБден кабарлады.
Маалыматка караганда, 20-декабрда милицияга анын жубайы кайрылып, жолдошу акыркы жолу 2-декабрда байланышканын, «С легким паром!» мончосунда экенин айтканын, ошондон бери дайынсыз болуп жатканын айткан.
Белгилери: бою 180-185 сантиметр, чачы кара, орто дене түзүлүштө.
Кийген кийими: кара куртка, кара шым, күрөң водолазка, кара ботинка.
Сүрөттөгү жаранды көргөндөр болсо, 0 (500) 60-70-67 номуруна кайрылсаңар болот.