Жалал-Абадда 12 милиционерге тартиптик жаза, катуу сөгүш берилди. Тизме

Жалал-Абад облусунун Сузак районунда каракчылык кылган уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн кылмыштуу аракеттерин жашырган  Сузак райондук милициясынын кызматкерлеринин үстүнөн ИИМдин Ички иликтөө кызматы кызматтык иликтөө жүргүздү. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, кызматтык иликтөөнүн жыйынтыгы менен бир катар жетекчилер жана кызматкерлер тартиптик жазаларын алышты. Алар:

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы, милициянын полковниги А.Тагаев;

— Сузак райондук ички иштер бөлүмүнүн башчысы, милициянын полковниги З.Ормонов;

— Сузак РИИБдин башчысынын сотко чейинки өндүрүш боюнча орун басары, милициянын майору А.Бакиров;

— Сузак РИИБдин башчысынын орун басары — кылмыш иликтөө кызматынын начальниги, милициянын подполковниги Б.Маткеримов ээлеген кызмат ордуларынан бошотулду;

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин сотко чейинки өндүрүш боюнча начальнигинин орун басары Б. Кулжановго,

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги Н. Долоновго,

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн начальниги, милициянын полковниги С.Джумагуловго;

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын Штабынын начальниги, милициянын полковниги М.Ташбаевге;

— Сузак РИИБдин начальнигинин кызмат боюнча  орун басары милициянын майору К.Саркаровго;

— Сузак РИИБдин начальнигинин кадр боюнча орун басары, милициянын майору Н.Далбаевага “катуу сөгүш” тартиптик  жазасы берилди.

— Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын ички иликтөө бөлүмүнүн ага ыкчам өкүлдөрү, милициянын полковниктери Н.Жолоев, А.Абдыраимов “сөгүш” тартиптик жазасын алышты.

Ал эми Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин ыкчам иштер боюнча начальнигинин орун басары К.Рахмановдун, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кызмат боюнча начальнигинин орун басары Н.Сыдыковдун, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын начальнигинин кадр боюнча начальнигинин орун басары М.Масиркуловдун тартиптик жоопкерчилиги ден соолугу сакайган соң каралат.

“Жыйынтыктап айтканда жалпысынан 12 кызматкер тартиптик жазага тартылды, ээлеген кызмат ордунан 4 кызматкер бошотулду, калгандары  жогоруда аталган тартип жазаларын алышты. Ал эми ден соолугу  сакайгандан кийин калган 3 кызматкерге да кызматтык жоопкерчилиги каралат”, — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин каракчылык кылууга шектелип кылмыштуу топтун мүчөлөрү, ошондой эле кылмышты жашырууга шектелген Сузак районунун милиция кызматкерлери кармалганы маалымдалган. 

xshektyy milicziya Жалал-Абадда 12 милиционерге тартиптик жаза, катуу сөгүш берилди. Тизме