Ниязбеков: ИИОнун ишмердүүлүгүн санариптештирүү аркылуу жарандарыбыздын коопсуз жашоосуна шарт түзүүдөбүз

Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

2022-жылдын 26-декабрында ички иштер министри Улан Ниязбеков онлайн кеңешменин экинчи бөлүгүндө жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо, анын ичинде жол-унаа кырсыктарын алдын алуу туурасында маселелерди карап, бир катар тапшырмаларды койду.


“Республиканын ички жана эл аралык трассаларында, айыл-шаарларды бириктирген жолдордо, жол-унаа кырсыктарын болтурбоо үчүн күчөтүлгөн тартипте иш-чаралар алып барылсын. Автобекеттердин, базарлардын жана соода борборлордун айланасындагы такси кызматтарына, жөө жүргүнчүлөргө, маршруттук унаалардын айдоочуларына таасирдүү пропагандалык түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн.


Мэрияларга, акимчиликтерге, айыл өкмөттөргө, айыл башчыларына, жол инфраструктурасына жооп берген мекеме-ишканаларга барып, кооптуу болгон жол тилкелери боюнча маалыматтарды берип, өз учурунда тазалоо, кум себүү, тоскоолдуксуз өтүү үчүн жол белгилерин орнотуу иш-аракеттерин аткаруу милдеттендирилсин. Бир дагы айылда же райондо оор кесепеттер менен катталган жол кырсыктары болтурулбасын. Ар бир айдоочуга ылдамдыкты ашырбоо, мас абалында унаа башкарууга болбостугу, унаанын техникалык абалына көңүл буруу зарылдыгы түшүндүрүлсүн.

WhatsApp Image 2022 12 26 at 12.26.11 Ниязбеков: ИИОнун ишмердүүлүгүн санариптештирүү аркылуу жарандарыбыздын коопсуз жашоосуна шарт түзүүдөбүз


Республикалык, облустук, шаар-райондук деңгээлдеги унаа бирикмелеринин, айдоочулар коомунун, жүргүнчүлөрдү ташуучу жамаатынын жооптуу өкүлдөрүнө жолугуп, радио-телевидение аркылуу кайрылууларды жасап, “Жаңы жылды – жол кырсыгы жок баштайлы” аталыштагы эскертүүчү, пропагандалык мүнөзгө ээ болгон иш-чараларды жүргүзүңүздөр. Эгерде, Жол кыймылынын коопсуздугунун, облустук башкармалыктардын же райондук ички иштер бөлүмдөрүнүн жетекчилери бул иш-чараны активдүү алып барбай, салкын мамиле жасай турган болсо, анда катуу чаралар көрүлөт. Бишкек шаарынан Ысык-Көл, Нарын, Ош, Жалал-Абад, Талас, Баткен облустарына барып-келип каттаган айдоочулардын тизмесин түзүп, автобекеттерге атайын журналдарды ачып, бир күндө бир жолу барууга же келүүгө гана уруксат берилсин.
Адамдардын өмүрүнө коркунуч келтирип, жеке пайда табууну көздөп, бир күндө эки же андан көп жол каттамдарына чыгууга бөгөт коюлсун. Жарандар арасында нааразычылыктарды болтурбоо үчүн, жол кире акысын өз алдынча жогорулатууга, унааларга ашыкча адамдарды же жүктөрдү салууга тыюу салынсын. Монополияга каршы жана Салык кызматтары, такси бригадаларынын өкүлдөрү менен бирге айдоочулар жана жүргүнчүлөр арасында туура түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Качан гана Ички иштер министрлигинин жетекчилиги ушул багыттарды айтып, көзөмөлгө алгандан кийин иш алып барбай, алдын алуу чараларын күчөтүңүздөр.


Жаңы жылдык эс алуу күндөрү жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иш алып барышсын. Кайсы бир тилке же кооптуу деп эсептелген жол багыттары ачык калып, ошол жерден жол кырсыктары каттала турган болсо, анда өтө катуу чаралар көрүлөт. Керек болсо юридикалык баалар берилет. Мындан ары, ар бир квадратка, аймакка, регионго жооптуу кызматкерлерди жана алардын жетекчилерин бөлүштүрүп, картографиялык жоопкерчилик менен кароого өтөбүз. Эгерде, тейлеген аймакта жол кырсыгы өсүп кетсе, анда ыкчам түрдө катуу чараларды көрүү ишмердигин киргизебиз.
Азыркы учурда Жогорку Кеңеште жарандарды ташуунун тартибин бекитүү үчүн мыйзам долбоору каралып жатат. Мыйзам кабыл алынган учурга чейин, бардык айдоочулар жана коомчулук арасында туура түшүндүрүү иштери жүргүзүлсүн. Мыйзам кабыл алынгандан кийин, жарандарды ташыган унаалардын, анын ичинде такси кызматтарынын ишмердиктери бир тартипке салынат.
Ушул иш-чараларды эске алуу менен жана 2023-жылы жол-унаа кырсыктарынын санын кескин түрдө азайтып, адам өлүмү, жаракат алуусу, материалдык чыгымдарга дуушар болууга бөгөт коюу максатында ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы Сиздерге тез арада “Коопсуз жол” аталыштагы программа иштеп чыгууга тапшырма беремин. Анын негизги максаты – заманбап электрондук санарип тутуму аркылуу координациялоо, көзөмөлдөө, аныктоо жана бөгөт коюу иштерин жүргүзүү болуп эсептелет.
Жакында эле Бишкек шаарында ишмердигин жүргүзүп келе жаткан “АвтоУраган” автоматташтырылган программалык комплекси орнотулган унаасын Ош жана Жалал-Абад аймактарына жөнөтүп, алдын алуу жана тариздөө иштерин жүргүздүк. “АвтоУраган” аркылуу кыска мөөнөттүн ичинде 4 миң 500 жакын унаа аныкталып, анын жарымы айып короосуна киргизилген.
“Коопсуз жол” программасын тез арада иштеп чыгуу учурдун талабы деп эсептейм. Бул программада төмөндөгү багыттар камтылсын:

  • Жол эрежесин дайыма бузган, жол-унаа кырсыктарын системдүү түрдө жасаган, көп убакыттан бери айыптарды төлөбөгөн же автоунаа алдамчылыктары менен алектенген, туруктуу негизде унааларды пайдаланып кылмыштарга барган адамдардын атайын электрондук тизмеси түзүлүп, алар менен иш алып баруу;
    -Санариптик өнүктүрүү, транспорт жана коммуникация, айыл-чарба, саламаттык сактоо, өзгөчө кырдаалдар министрликтери, экология, салык, монополия, энергетика жана байланыш тармактары менен активдүү санарип ишмердик жүргүзүп, “Түндүк” тутуму аркылуу ыкчам маалыматтарды алып, жол кырсыктарына жеринде бөгөт коюу чараларын күчөтүү;
  • Унаа мекемеси, билим берүү органдары жергиликтүү бийлик жана жол инфраструктурасына жооптуу ишканалар менен тоскоолдуксуз түз иш алып баруу;
  • Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздаган ар бир кызматкердин аткарган ишин бирдиктүү баалоо тутумун ишке ашыруу болуп эсептелет.

  • Жогоруда аталган программаны ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн эл аралык тажрыйбаны карап, керектүү материалдык-техникалык эсептөөлөрдү жүргүзүп, келе жаткан жылы “Санариптешкен жол коопсуздугу” тутумуна өтүшүбүз керек. Анын ичинде, “Коопсуз жөө жүргүнчү”, “Эрежеге бекем аймак” тартибине кадам таштайбыз деген оюм бар”,-деп ИИМдин башчысы жол кыймылынын коопсуздугу боюнча бир катар тапшырмаларды берди.
    Улан Ниязбеков онлайн кеңешмени жыйынтыктап жатып бир катар маанилүү багыттарга токтолду. “Биринчиден, ар бир милициянын формасын кийген кызматкер жарандардын жашоо-турмушунда бирге болуп, коомубуздун коопсуздугун көздүн карегиндей сактоого милдеттүү. Ички иштер органдары – бир кылымдан бери жыйнаган тажрыйбасын, ыкчам-кызматтык ишмердиктеги табылгаларын, заманбап ыкмаларга айландырып, доорун сүрүп турган технологиялык ишмердикке шайкеш келтирип, бүгүнкү күндө өлкөнүн коопсуздугун жаңы көз караш менен камсыздоого өттү. Мүнөт сайын жаңыланган киберкоркунучтар, алыстан туруп окуяны уюштуруу, баңги соодасы, экстремизм чакырыктары, террордук үндөө, адам сатуу, уюшкан кылмыштуулуктун каржы булактары деген электрондук жаңы кылмыштарга каршы күрөш жүргүзүү – биздин учурга туш келди.

  • Эң башкысы, формалдуу эмес, реалдуу иш алып барууга кадам жасап, элдин чыныгы ишенген органы жана таянган тиреги болууга жетишибиз керек. Бул биздин алдыбызга койгон эң чоң максатыбыз. “102” байланыш телефондору тынымсыз иш алып барып, жардам сурап кайрылган жарандарга токтоосуз түрдө ыкчам жардам көрсөтүлүп, бир дагы кемчиликтерге жол берилбесин. Коомдук жайлардагы бейбаштыктарды, өз-ара мушташууларды, одоно укук бузуу менен коштолгон уруп-сабоолорду, уурулуктарды, мал уурулуктарды, оор жана өзгөчө оор кылмыштарды алдын алуу максатында, ыкчам иликтөө иштери жүргүзүлсүн. Алдамчылыктарды болтурбоо үчүн жалпыга маалымдоо каражаттары аркылуу элге туура түшүндүрүү иштери күчөтүлсүн. Бардык ички иштер органдары жарандарга кызмат көрсөтүп, жарандык коом менен кызматташтыгын чыңдоого милдеттүү.
    Кызмат көрсөтүү ишмердиги системдүү жана конструктивдүү болушу керек. Башка укук коргоо органдары менен биргеликте өлкөдөгү ыкчам кырдаалды көзөмөлдөөгө кошумча чараларды жүргүзүп, чек-арага жакын жашаган жарандарыбыздын коопсуздугуна өзгөчө көңүл бурулсун. Коомдук-саясий абалды туруксуздаштырууга, эл арасында ар түрдүү чагымчыл чакырыктарга жол бербөө боюнча биринчи кезектеги ыкчам аракеттер алып барылсын.
    Жаңы жылдык иш-чаралар өтүүчү атайын жайларда кылмыштуулукту, укук бузууларды, тартип бузууларды жана элге резонанс жараткан окуяларды алдын алуу – ички иштер органдарынын ушул мезгилдеги негизги багыты болуп саналсын. Жаңы жылды тосуу мезгилинде жана январь айынын башындагы эс алуу күндөрү коомдук тартипти, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо боюнча комплекстүү иштер колго алынсын. Элдин милицияга болгон ишенимин сактоо, өзгөчө жогору баалоо – баарыбыздын ыйык парзыбыз болуп саналат.

  • Жарандардын үмүт-тилегин актап, коомдун милицияга болгон көз карашын жакшы жакка калыптандырып, кызматкерлердин адилеттигин, жүктөлгөн ишине так, дасыккан мамилесин көрсөтө билгенде гана – коомчулук үчүн жасаган эмгектерибиз бааланат.

  • “Кыргыз милициясынын” жолу түз, максаты курч, кадамы таза, багыты жемиштүү болуп, коомго коркунучу жок, коопсуз жашоо шартын тартуулайбыз деп ишенем. Бүгүнкү кеңешмеде каралган маселелердин алкагында берилген тапшырмаларды так аткарып, кемчиликтерди жоюп, сын-пикирлерди жана көйгөйлөрдү жеринде чечүүгө карата кечиктирилгис аракеттерди көрүү керектигин белгилеймин”,- деди Улан Ниязбеков.

  • Онлайн режиминде өткөн кеңешменин ишине министрдин орун басарлары, ИИМдин Борбордук аппаратынын тиешелүү кызматтарынын, Баткен, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Ысык-Көл, Талас, Чүй облустарынын, Бишкек жана Ош шаарларынын ички иштер башкы башкармалыктарынын, башкармалыктарынын жана бөлүмдөрдүн жетекчилери катышты. ИИМдин Басма сөз кызматы