
Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районунун Орто-Сай айылында жайгашкан Villa V Club ресторанында 25-декабрда өрт чыкты. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматына караганда, аны өчүрүүгө саат 11лер чамасында өрт өчүрүүчүлөрдүн үч бөлүмү тартылган. Мындан сырткары Бишкектин Биринчи май районунун суу ташуучу унаасы, ыкчам тобу көмөктөшүүдө.
Өрт саат 12:05те чектөөгө алынып, учурда толук өчүрүү иши жүрүүдө. Жабыркагандар жок.
