Бишкекте үч унаа жол кырсыгына кабылды

Киев жана Тыныстанов көчөлөрүнүн кесилишинде үч унаанын катышуусунда жол кырсыгы катталды. Бул тууралуу окуянын күбөсү билдирди.

Hyundai, Toyota Camry, Subaru Outback сүзүшкөн. Кырсыктын кесепетинен Субару оодарылып кеткен. Окуя болгон жерде милиция кызматкерлери иштеп жатышат.